Menu

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери: “КСДП болбой калды. Финишке келгенде кейиштүү абалга тушуктук”

Бөлүшүү:

– Иса Шейшенкулович, жакында але “Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги алмашты. “Республика – Ата Журт” фракциясынын жетекчилигинде да өзгөрүүлөр болору каңкууланууда. Бул жагынан КСДП фракциясы тынч элеби?

– Эми бөлүнгөн, же ар кандай көз караш менен айырмаланган ар бир партиянын ичинде бар. Партиянын, фракциянын жетекчиси деле өзгөрүп тура турган кызмат. Мыйзам ченемдүүлүк дегендей. Мисалы, ар кандай жагдайга, кырдаалдарга байланыштуу партиянын лидерлери алмашып жатат. Андай нерсе биздин партияда, фракциянын ичинде да бар, “жок” деп айтпайбыз. Мен ойлойм, жакын арада мунун баары тең бир нукка түшөт.

– Шайлоого чейин бир эле жыл убакыт калды. Ушуга байланыштуу көпчүлүгүндө “КСДПнын тагдыры кандай болот? Ушул абалында шайлоого кантип катышат?” деген күдүк ойлор пайда болууда.

– Ага чейин дагы бир топ нерсе өзгөрүшү, калыптанышы мүмкүн. Биздин шайлоого кантип катышарыбыз ошого байланыштуу болот.

– Анда сиз КСДПнын келечегине ишенет экенсиз да?

– Албетте, социал-демократиянын идеологиясы жакшы. Бул партияга жаштыгыбызды, ден соолугубузду бердик. Бир топ сыноодон өттүк. Анан аягында, финишке келгенде мындай кейиштүү абалга тушукканы жакшы болбой калды. Бирок, мен КСДПнын келечегине ишенем. Кандай партия болбосун идеология сактылышы керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: