Menu

Асылбек Жээнбеков менен Райым Матраимовдун каршылашуусуна негиз жок

Бөлүшүү:

Эки бала уруша кетсе деле Райым Матраимовду күнөөлөшкөн оппоненттеринин түн уйкулары бузулуп аткан чагы.

Соцтармактарда, айрым жалданма маалымат булактарда аны каралоо байма-бай уланып калат. Жукпаган «жел сөздөр» экенин коомчулук деле түшүнүп бүттү.

Кызыгы, соңку убакта Асылбек Жээнбеков менен Райым Матраимовду кагыштырууга айрым күчтөрдүн кызыкчылыгы шакардай кайнап атканы байкалды. Алысты көрө албаган интригандар бийликтин пайдубалын сындырууга белсенишип, бузукулук кылышса эле элдин башы айланып калмак беле?

Мындай амалдар өзгөчө парламенттик шайлоо астында күчөсө да, береги эки каарманыбыз өз жолдорунда гана кете беришет го. Асылбек Жээнбеков ЖК депутаты катары өзүнүн орду менен болуп, бийлик башкарууга аралашканы байкалбайт. Ал эми Райым Матраимов Түркияда ири бизнес долбоорлорунда эмгектенип жүрөт. Реалдуу жашоодон экөөнүн каршылаш болушуна негиздер жок. Парламенттик шайлоодо болсо, Кудай акы, ар кимиси аракеттерине жараша маңдайга жазгандарын көрүшөт да…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: