Menu

Фото – ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-сентябрь күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жалпы дебаттарына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк уюмдун жана эл аралык мамилелердин учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ч.Айдарбеков Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча, Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүдө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Башкы катчыны колдоорун белгиледи.

Министр дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө БУУнун ишине оң баа берди жана Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан бардык багыттар боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн бир катар улуттук деңгээлдеги стратегиялык документтери кабыл алынгандыгын белгиледи.
Тышкы саясий мекеменин башчысы Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүнүн Ыктыярдуу улуттук баяндамасы даярдалып жаткандыгы жөнүндө маалымдап, Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жана улуттук институттарын бекемдөө менен тандап алган жолунда алга илгерилөөнү улантат деп кошумчалады.

Тараптар курчап турган чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле Борбордук Азияда регионалдык кызматташууну күчөтүү, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар көйгөйүн чечүү жана суу ресурстарын колдонуу маселелерин талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: