Menu

Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону: “Бир бөлмөлүү батирим үч бөлмөгө айланды”

Бөлүшүү:

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алган Айсулуу Тыныбековага өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков үч бөлмөлүү батир белек кылды. Спортчуну, ата-энеси, машыктыруучусу менен кошо кабыл алып, жаңы батирдин сертификатын жана ачкычын тапшырды. Кубанычы койнуна батпай турган көз ирмемдеринде Айсулуудан маек алып калдык.

– Айсулуу, биринчиден, жеңишиң менен куттуктайм! Алган сыйлыктарың да кут болсун! Сезимдер кандай?

– Абдан кубанып турам. Урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович ата-энем, машыктыруучум менен чогуу кабыл алды. Бизди куттуктап, чоң белек ыроолоду. Ал киши финалдык беттешти жеңип чыгарым менен да телефон чалып, куттуктаганда аябай сүйүнгөм. Өзү көңүл буруп, буга чейин да колдоо көрсөтүп келгени мага өзгөчө дем-күч берди. Бүгүн болсо өз колу менен шаардын чок ортосунан үч бөлмөлүү батирдин сертификаты менен ачкычын тапшырды. Чексиз кубанычта, бактылуу болуп турам. Көп жылдык тынымсыз эмгектенүүбүздү, эмгегибизди баалап жатканы үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Буюрса, жаңы батиримди көргөнү баратам.

– Батирде өзүң жашайсыңбы, же башка пландарың барбы?

– Бул батир мага белекке берилди, өзүм жашайм. Ата-энем, туугандарым кааласа, мени менен чогуу жашашат. Башка эч кандай пландарым жок. Сатып, же жакындарыма өткөрүп берүү тууралуу ойлогон жокмун. Буюрса, Кудай кут кылса, өзүм жашайм.

– Турак жай белекке алганын башка да спортчуларга стимул болот деп ойлойсуңбу?

– Машыктыруучум дайыма айтчу, “жакшы ийгилик жаратсаң, сөзсүз түрдө мамлекет тараптан жакшы колдоо, сыйлоо болот” деп. Бишкекте үйүм жок, батирден-батирге көчүп-конуп жүргөндө, “ийгилик жаратсам, Кыргызстанымдын желегин желбиретсем, ошонун арты менен үйлүү болсом” деп кыялданчумун. Бүгүн ошол кыялдарым орундалып отурат. Мага окшогон жаш спортчуларга да жеңиштерди каалайм. Мындай чоң белектер сөзсүз түрдө аларга стимул болот.

– Буга чейин батирде жашап жаттың беле?

– Азия оюндарында коло медал утуп келгенде, күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов мага бир бөлмөлүү батир белек кылган. Буга чейин ошол батирде жашап, ушул ийгиликке жеткирген машыгууларды жүргүздүм. Ошол батир азыр үч бөлмөлүү батирге айланды.

– Чемпионатта жеңиш оңойго турбаса керек…

– Албетте. Чемпионатка даярданып жатканда, ага кимдер келет, кайсы өлкөлөрдөн кайсы спортчулар келерин алдын ала билип, ар биринин күрөшүү тактикаларын тактап алып, ошого жараша даярдандым. Машыктыруучум абдан кыйын киши, кыйынды “кыйын” деш керек. Ал мага ар бир атаандашымдын күрөшүү техникаларын, алсыз жана күчтүү жактарынан өйдө көрсөтүп, канткенде жеңээримди үйрөттү. Көпчүлүккө билинбегени менен мен ар бир атаандаш менен ар башка техника, тактикада күрөшөм. Ар бир атаандашка даяр болуп баргам. Чыгаарга 10 беттеш калганда машыктыруучум экөөбүз күрөш тууралуу сүйлөшүп баштадык. Ага чейин бул темада сүйлөшүү айрым учурда эмоциядан улам, кармана албай кетишиң мүмкүн. Залга кирип эле беттешке чыгаар учурда атаандашым тууралуу кыска-нуска эскертип, анан узатып жатты. Ошон үчүн кылдат иштедим, жеңдим.

– Жеңишке ээ болгондогу эмоцияларыңдан айтып берсең?

– Кыргызстандан чыгып баратканда эле машыктыруучум “Айсулуу, биз дүйнөлүк чемпионатка алтын медаль алганы баратабыз, эсиңде болсун! Бүгүн сенин баарын утуу убактың келди, учурду туура колдон. Кыргыз желегин желбиреткенге толугу менен мүмкүнчүлүгүбүз келди!” деп жатты. Агайым он жылдан бери мени менен иштеп, менин деңгээлимди билет. Көз ирмем сайын ушуларды эсиме салат. Күрөшөөрдүн алдында абдан толкундандым. Ошого карабай, машыктыруучумдун кеби кулагымда жаңырып, мага ар тараптан колдоо берип турду. Демек, бул жеңиш жалгыз менин жеңишим эмес, элимдин жеңиши, машыктыруучумдун, федерациянын жеңиши деп айтам. Биздин чогуу, биргеликте жасап келген талыкпас эмгектин акыбеты мээнети кайтты.

– Алдыдагы пландарың кандай?

– Негизги максатым мындан да өйдө. Эмки жылы өтө турган олимпиада оюндарында жеңишти багындыруу. Мен даярдыкты азыртан баштадым. Буюрса, алдыма койгон максатка жетем.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: