Menu

Ысык-Көлдөн Россияга жумуш издеп барып, асынып өлгөн жарандын сөөгү Москвадан табылды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын июнь айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну 1969-жылы туулган С.Т. дайынсыз жоголду деп эсептелген тууганын табышууга көмөк көрсөтүп коюларын суранып кайрылган. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылууда көрсөтүлгөндөй,  Кыргызстандын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну 1998-жылы туулган О.Б. аттуу көп убакыттан бери белгисиз себептер боюнча туугандары менен байланышпай калган.  Ал акыркы жолу  байланышка 2018-жылдын апрель айынын башында чыккан. Сурамжылоонун жүрүшүндө жаран О.Б. туугандары менен кошо 2017-жылы Москвага иштегени келген. Аны акыркы жолу “Шелковская” метросунун аймагынан көрүшкөн. Туугандары тарабынан көрүлгөн өз алдынча издөө чаралары эч кандай жыйынтык берген эмес.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө кайрылгандан кийин дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жаранын   РФдин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына кайрылуу менен Россия Федерациясынын аймагынан издөөнү жана кайда жүргөндүгүн аныктоону уюштуруу колго алынган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн аракети менен Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте дайынсыз жоголгон  О.Б. аттуунун кайда жүргөндүгүн тактоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө чаралары жүргүзүлүп, Россиянын ИИМде болгон бардык багыттар боюнча текшерилген.

Бирдиктүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2018-жылдын 12-апрелинде Москва шаарынын Измайловск паркында азият түспөлүндөгү эркектин (асынып өлүү) зомбулуктун белгилери жок өзүн-өзү өлтүргөн жансыз денеси табылып,  тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жөнөтүлгөн. Белгисиз адамдын өздүгү такталып, ал туугандары дайынсыз жоголду деп эсептешкен 1998-жылы туулган О.Б. аттуу болуп чыкан. 2018-жылдын июнь айынын ортосунда эч ким издөөгө албагандыктан мамлекеттин эсебинен жерге берилген.

Азыркы учурда тиешелүү процессуалдык аракеттерди жүргүзүү менен окуя боюнча туугандары маалым болуп, эксгумациялоо жана жүк 200тү  кичи мекенине жөнөтүү үчүн туугандары  тарабынан зарыл болгон документтерди даярдоо жөнүндө маселелер чечилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: