Menu

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты: “Малаховдун кыргыздарды басынтып сүйлөгөнүнө ТИМ, Элчилик реакция кылышы керек!

Бөлүшүү:

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун кыргыздар жөнүндө айткандарын парламентте көтөрүп чыкты. “Ал жерде Малахов айтып жатат: «10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат»,- деп. Буга чоң маани бериш керек Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылуусу зарыл. Кыргыздарды басынтканга жол бербеш керек! ТИМ бул маселеге кийлигишип, бир чара көрүүсү абзел! Протоколдук тапшырма берип коёюн деп атам”,-деп  өкмөткө тапшырма берди.

ЭЛЧИЛИК: “Малахов биздин каарман эмес”

Орусиянын Кыргызстандагы Элчилиги эки саат мурун “Фейсбуктагы” баракчасына:Малахов биздин каарман эмес. Алып баруучу А.Малаховдун айтканы боюнча бир эле нерсе айтууга болот: адамды капа кылуу оңой, бирок, ошону менен жашоо кандай кыйын. Баарынан бүтүндөй элди  басынткандын өзү эң жаман”,-деп жазды.

Эскерте кетсек, орусиялык олигархтардын биринин баласы мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда кыргызстандык жигит автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына кабылган. Кагышуудан улам, орус жараны оор жаракат алып, каза болуп калган. Ошол окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Ал олигархтардын үй-бүлөсүнө жан тартып, кыргызстандык тарапты басынтып, “атайылап кылмыш ишин” кылган деп бүтүм чыгарып, Орусиянын Кыргызстандагы Элчилигинен барган өкүлдөргө сөз бербей, жаман мамиле кылган. Ал эле эмес, кыргыздарды бир байкуш кылып, басынтып сүйлөгөн. Аны көргөн кыргызстандыктар нааразы болуп, соцтармак жарылып, «Малахов кыргыз элинен кечирим сурасын!» аттуу акциясын башташкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: