Menu

Алмазбек Токторов, ЖК депутаты: “Мектептерде окуучулардын тамак ичкени санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт”

Бөлүшүү:

– Алмазбек мырза, өкмөт башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүүнү мыйзамдаштырган мыйзам долбоорун сунуштап жатыптыр. Ал эмне берет?

– Анын негизинде бюджеттик кодекске өзгөртүү киргизилет, бул – бир, экинчиден, окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо мыйзамдуу түрдө бекитилип жатат. Анан кимдин жоопкерчилиги кандай экени көрсөтүлөт.

– Азыр ар бир балага бюджеттен канча сом бөлүнөт?

– Негизи 7 сом. Бирок, кээ бир жерлерде ата-энелердин, анан Бишкек мэриясынын мүмкүнчүлүгү бар экен, кошумча дагы 7 сомдон төлөп беришет. Ошондо 14 сом болуп атат. Ал эми айылдарда 7 сом бойдон эле. Кээ бир мектептерде окуучуларга чай бере турган жерлердин шарты жок. Санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт. ЮНИСЕФ уюму Жалал-Абад облусундагы балдардын ден соолугун изилдесе, союз ыдырагандан бери балдардын орточо бою 2,5 сантиметрге төмөндөп кетиптир. Салмагы да азайган. Бул эмненин белгиси? Балдарга мамлекет тарабынан да, ата-энелер тарабынан да тийиштүү түрдө көңүл бурулбай жатканынын белгиси. Мурда мамлекет баардык жагынан камсыз кылчу. Азыр өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок. Балдар өсүп жатканда аларга сөзсүз жакшы тамак керек. Ошондо ой жүгүртүүсү сергек болуп, билим берүүнүн сапаты да жогорулайт. Ал он жылдан кийин иштей баштайт, жыйырма жылдан кийин мамлекетти башкарат. Кыргыздын өнүгүүсүнө салым кошот. А эгер ден соолугу начар, билими төмөн болсо, мамлекеттин келечеги да ошого жараша болот.

– Мен жакшы элестете албай жатам, жети сомго эмне келет?

– Бир булочка менен бир стакан чай, сүт. Балдарга глюкоза керек. Бир стакан чай ичип алса дагы кант кошуп, мээсине жакшы таасир этет.

– Бир кесиптешиңиздин «эт да берилеби?» деген суроосуна билим берүү министрлигинин өкүлү «ооба» деп жооп берди.

– Эт келбейт да ага. Кээ бир жерлерде ата-энелер тамагын күчтүү кылгыла деп кошумча акча төлөшөт. Анын сарпталышын да өздүрү көзөмөлдөшөт. Ошону айтса керек. Мурда айыл өкмөттөр кошумча акча берип атышкан. Азыр бербей калды. Себеби, текшерүүчү органдар барып, «бюджет кодексинде мындай төлөмдөр каралган эмес» деп аларга айып пул салат. Ошон үчүн кечээ комитет караганда биз бюджеттик кодекске да өзгөртүү киргизели, айыл өкмөттүн мүмкүнчүлүгү болсо кошумча акча берсин деген сунуш айттык.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: