Menu

Жогорку сот Орзубек Назаровдун арызын канааттандырды

Бөлүшүү:

Бокс боюнча профессионалдар арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаровдун кызы Аделина Назарованын жол кырсыгы боюнча соттук отуруму аягына чыкты. Жогорку сот буга чекит койду. «Жогорку сотто менин кызым жабыркап, эки бала каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук отурум аягына чыкты. Жогорку сот бул ишке чекит коюп, райондук жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери камакта отурат. Ал эми ИИМ материалдык жана моралдык зыянды төлөп бериши керек. Тозоктун тозогун көрдүк. Акыры адилеттүүлүк жеңди» деп жазды дүйнө чемпиону. Эске сала кетсек, мушкер Орзубек Назаров министрликтен 10 (он) миллион сом талап кылган.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: