Menu

Элчи Аликбек Жекшенкулов Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-сентябрь күнү КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкуловдун  РФнын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи россиялык дипломатты жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады.  Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин, соода экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-саясий,  кызматташуунун, анын ичинде ЖККУ жана ЕАЭС сыяктуу интеграциялык бирикмелердин алкагында ийгиликтүү өнүгүүсүн баса белгилешти.

Тараптар КРсы менен РФнын ортосундагы көп кырлуу кызматташуусунун бардык деңгэлдеринде, алардын ичинде БУУ жана башка эл аралык уюмдар багыты боюнча байланыштарды колдоонун максатка ылайыктуулугу тууралуу пикир алмашышты. Кыргызстан менен Россиянын ортосугда 2020-жылдын кайчылаш жылды биргелешип өткөрүү, жакынкы эки жыл ичиндеги тышкы иштер министрлерликтер аралык консультацияларды жана тышкы саясий ведомстволордун ортосундагы кызматташуунун Программасын талкуулашты. Миграциялык чөйрөдөгү биргелешкен иштерди жана Кыргызстанда М.Ломоносов атындагы университеттин филиалын ачуу боюнча жасалган жумуштарды белгилешти.

Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: