УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев 7-8-августта Кой-Таштагы болгон тополоңду иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын жыйынына катышып, “Мен Атамбаевди моралдык жактан колдоо үчүн баргам” деп айтты. Сегизбаевге окшоп моралдык колдоо көрсөтөм дегендердин деми менен өзүн кара кулак шер ойлоп алган Атамбаевдин аракети акыры аны түрмөгө алып барбадыбы. Абдилдин моралдык колдоо үчүн бардым дегенин көпчүлүк, “Сиз кыйынсыз, духуңузду түшүрбөңүз. Биз сиз мененбиз! Сиздин аракетиңиздин баары мыйзамдуу, сынбаңыз, бекем туруңуз. Бийликти алып түшөсүз” деп барган деп кабылдоодо. Моралдык колдоо көрсөтүү деген чындыгында ушундай болот эмеспи. Ак көңүл Атамбаев Абдилге окшоп мактап-жактап, моралдык колдоо көрсөткөндөргө ишенип алып, азыр кайсыл жактан жардам күтөөрүн билбей олтурган чагы. Моралдык колдоо көрсөткөндөр Абдил Сегизбаевге окшоп “Анын аракетине баа берген эмеспиз, моралдык жактан колдоо көрсөткөнү эле барганбыз” деп оңой-олтоң оюндан чыга качышууда. Ушундай адамдар азыркы бийликте дагы арбын эле жүрүшөт. Булардан жетекчилер сак болбосо, эртең эринин кырча тиштеп олтуруп калышары бышык.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ