Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Мамлекет ички резервди натыйжалуу колдонуу менен үнөмдөп жашоого көнүүдө

Бөлүшүү:

Мамлекет ички резервди натыйжалуу колдонуу менен үнөмдөп жашоого көнүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйында билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө  2019-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталып турганын белгиледи. ИДП көлөмү 335 млрд сомду түздү, реалдуу өсүш 6,2 % болду. Кумтөрдү кошпогондо ИДПнын көлөмү 299 млрд сомду түзүп, 3%га жогорулады. Өсүш бардык тармактарда камсыз болду: өнөр жай – 17,4% га; курулуш – 7,8%; кызмат көрсөтүү – 2,5%; айыл чарбасы – 1,6%.

Премьер-министр белгилегендей,  8 айдын жыйынтыгы боюнча, экспорттун өсүшү – 1 млрд доллар же 9,1%га жогорулады. Импорт 11,8%га азайды.

«Өкмөт бизнести жана жеке инвестицияларды коргоо боюнча бир катар натыйжалуу чараларды көрдү. Натыйжада, тикелей чет элдик инвестициялардын көлөмү 1-жарым жылдыкта 394 млн долларды түзүп, 59,9%га өстү – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.  – Коомдогу кабатырланууну жараткан дагы бир көйгөй – бул өлкөнүн тышкы карызы. Эгерде буга чейин тышкы гранттар жана кредиттер ички булактардын кирешесинин тартыштыгын жабуу үчүн да пайдалынылып келген болсо, азыркы бюджетте тышкы карызды –  азайтып, туруктуу тейлөөгө багытталат. ИДПга салыштырмалуу тышкы карызыбыз жылдан жылга кыскарып бара жатат. 2018-жылы 48% түзсө, ал эми 2019-жылдын аягына чейин 46,5%га жана 2020-жылы 43,5% азайтууну болжолдоп жатабыз», – деп билдирди Өкмөт башчы.

Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, Өкмөт фискалдаштыруунун электрондук тутумун, электрондук эсеп-фактураларды, товарларды маркалоо тутумун, онлайн көзөмөл-кассалык унааларды киргизүү боюнча кеңири иштерди жүргүзүп жатат. Анын айтымында, бул күч-аракеттер бюджеттин кирешесин көбөйтүп, бюджеттик процесстердин ачыктыгын камсыздайт.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, 2020-жылы бардык чыгашаларды (МИП кошпогондо) ички булактардан келип түшкөн кирешенин эсебинен жабуу пландалууда. Тагыраагы, салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн эсебинен. Тышкы карыздар жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

«Биз бюджеттин долбоорунда бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин айлык акы фондун 10,7 млрд сомго көбөйтүүнү пландап жатабыз. Мугалимдердин айлык акысын жогорулатууга байланыштуу эле келерки жылы кошумча 7 млрд сом, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине – 2,3 млрд сом талап кылынат. Ошондой эле мамлекет кийинки жылга пландалган ири иш-чараларга, анын ичинде парламенттик шайлоого байланыштуу мыйзам чегинде 1,2 млрд сомдон ашуун кошумча каражат бөлөт», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: