Menu

“Сиз чын эле Садыр Жапаровдун жашоосундагы чындыкты, адилетсиздикти билбей жаткандырсыз”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. ЖЭЭНБЕКОВГО

Кыргызстандагы белгилүү карыялардын жана атуул

катары  көз карашка ээ таанымал жарандардын

Кайрылуусу 

(өтүнүч иретинде)

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

2019-жыл Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы өзгөчө жыл катары элдин эсинде калып жатат. Артта калган эгемендиктин 28 жылында Кыргыз мамлекетине карасанатайлык кылган ажолордун бири да укуктук жоопкерчиликке тартылбай чет өлкөлөргө качып, көз көрүнө сайрандап жүрүшөт. А бирок быйыл биринчи жолу 6 жыл ажо болгон адам мыйзамдуу жоопкерчиликке бүтүндөй бийлик “үзөңгүлөштөрү менен тартылып жатышы элди адилеттүүлүктүн чоң салтанаты катары кубандырса, анын арты эмне менен бүтөөр экен деген санааны да жаратып жатканын учурда жашыра албайбыз. Андыктан мамлекеттин башкы байлыгы эл болсо, элдин башкы байлыгы болгон жашоодогу адилеттүүлүк, бир туугандык, тилектештик жана адам турмушундагы эң кымбат эркиндик жана теңдик жөнүндө Сиз менен сөз учугун улоону максат кылабыз. Эмне үчүн?

Жогоруда айтылгандай адамда бир туугандык, тилектештик, адилеттүүлүк теңдик жана эркиндик болбосо адам өмүрүнүн баасы текейге турбастыгын дүйнө эли эбак түшүнгөн. Ал эми Сиз президент болгондон бери бул маселелер элдин башкы көйгөйү катары каралып жаткандыгы бизди кубандырат. Буга чейинки Кыргыз өлкөсүн тумчуктурган адилетсиздик, коррупциялашкан бийлик адам эркиндигин жана теңдигин чектөө, куугунтуктап кордоо фактылары кайрадан калыбына келип жаткандыгы бүтүндөй Кыргызстанды толкундатат жана улуу ийгиликтерге шыктандырат. Сиздин эл ишенимине ээ болгон башчылыгыңызга ишенүү менен, биз Сизге кайрылып төмөндөгүдөй өтүнүч келтиребиз.

Өмүр баяны жана бүткүл жашоосу адилеттүүлүктүн шаңына шыктанган, мекенчил сезимдери менен өзгөчө эл сүйүүсүнө жетип, ушул касиеттери менен Атамбаевдик бийликтин курмандыгы болгон Садыр Жапаровго эмне үчүн көңүл бурбай жатасыз? Садыр Жапаровдун сот иштеринде негизги жабырлануучу болгон Эмилбек Каптагаев ар бир сотто, суракта – менин Садыр Жапаровго доом жок жана болгон окуяда эч кандай тиешеси жок,- деп айтып жаткандары, кагаздагы жазуулары жана оозеки сөздөрү эмне үчүн соттор тарабынан бааланбайт? Садыр Жапаровдун камалышына негиз болгон жаран Кенжебек Жумабаевдин – мени СНБ камап кордогондуктан айласыз калп эле далили жок, ооба Садыр Жапаров бар болчу, деген сөзүм үчүн аны камап салышты да, мени Атамбаев заматта ырайым берүү менен бошотту,- деген сөзүнө соттор көңүл бурбайт? Садыр Жапаровдун камалышына негиз делген бул эки адам ЖМКга айтып жазып, башкы прокуратурага чейин арыз жолдошту. Бул аракеттер тараптардын келишүүсү эмес, Садыр Жапаров боюнча тергөө башталгандан берки айтылып келе жаткан көрсөтмөлөр. Ал эми Садыр Жапаровду өз кезегинде Атамбаевдик бийлик өзүн гана эмес тилектештерин, досторун, тууган-уругун, анын ичинде бир туугандарын, келиндерин, балдарын ур-токмокторго алып, 105 адамды камап, анын 12син соттоп жиберишкенин бүт кыргыз эли жакшы билет. Садырга болгон адилетсиздиктен анын ата-энеси кайгыдан, азаптан ыйлап жүрүп кайтыш болушту. Мекенчил адамга болгон кордуктардын таасиринде кыргыздын бир жакшынакай үй-бүлөсү күтүүсүз кордуктарга көмүлүп бүттү.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргыз элиндеги аттуу-баштуу карыялар жана көз карашы бар жарандар катары Сизден суранып, өтүнөбүз, эмне үчүн сот адилеттиги Садыр Жапаровдун тагдырына так тараза баасын бербейт? Эмне үчүн Сиз бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө албайсыз? Эгерде Сиз өзүңүз Садыр Жапаровдун жашоосундагы адилеттүүлүккө баа бербесеңиз, анда биздин Кыргызстандагы теңдиктин, эркиндиктин баасы эмне болот? А балким Сизге ушундай суроолорду койгонубуз үчүн бизди жактырбайт чыгаарсыз. А бирок, Сиз башкарып жаткан мамлекетте бүтүндөй элдин тилектештиги бийик болсо анда Сиз сыймыктана бериңиз. Тилектештик – бүтүндөй кыргыз элин ынтымакка чакырган улуу салт. Тилектештик болгон жерде эл бузулбайт. Ал элде адилеттүүлүктүн шаңы дайыма бийик болуп, адамдардын эркиндиги, бирдей укуктарга ээ болгон теңдиги салтанат кураарын бизден жакшы билесиз. Атамбаев шайлап кеткен соттор дале коррупцияны
гүлдөтүп, мекенчил адамдарды кордоп жатканын Сиз унута көрбөңүз. Эл мындай өтүнүчтү Садыр Жапаровго боор ачып эмес, ал адилетсиздиктин туу чокусундагы наадандык болгону үчүн айтып жатат.

Биз бул кайрылуу менен Сизге, мамлекетти башкаруудагы адилеттүүлүктү тутунган иш-аракетиңизге колдоо катары жүргүзгөн мамилебиз деп билебиз, А балким Сиз чын эле Садыр Жапаровдун жашоосундагы чындыкты, адилетсиздикти билбей жаткандырсыз. Бүгүнкү мезгилде Садыр Жапаровдун тагдыры боюнча ар бир Кыргызстандыктын көз карашында ченемсиз чыңалуу бар экендигин унутпаңыз. Анткени, 6 жыл кыргыз элинин ишенимин тебелеген Атамбаевдик бийликтин эң адилетсиз окуясы Садыр Жапаров менен Текебаевге жасалган мамиледе турат. Андай болсо эмне үчүн Садыр Жапаровго мыйзам чегиндеги амнистияны соттор колдонбой жатышат? Элге иштеген мыйзам Садыр Жапаровго эмне үчүн иштебейт? Биз ушул суроого жоопту Сизден уксак дейбиз. Андыктан мекенчил Садыр Жапаровдун тагдырына маани берип тизмедеги белги коюлган он адамды ушул тема боюнча кабыл алууңузду өтүнөбүз. Биз Сизден Садыр Жапаровдун сот ишиндеги адилетсиздикти токтотуп, анын мыйзамдуу эркиндикке чыгып акталуусуна көзөмөл жүргүзүшүңүздү суранабыз.

Мар Байжиев, Кыргыз Эл жазуучусу;

Анатай Өмүрканов, Кыргыз Эл акыны;

Гүлсайра Момунова, Кыргыз Эл акыны;

Оморбай Нарбеков, коомдук ишмер, академик;

Рахматулла Козукеев, Кыргыз Эл акыны;

Дөөлөтбек Шадыбеков, КР аксакалдар кеңешинин төрагасы;

Медетбек Букуев, педагогика илиминин кандидаты, профессор;

Айчүрөк Мамаджанова, ВДНХнын күмүш медалынын ээси;

Асылбек Сыдыков, акын-жазуучу;

Клычбек Назалов, Чаткал коомунун төрагасы

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: