Menu

Өмүрбек Бабанов “супер шайтан” экендигин дагы бир жолу далилдеди

Бөлүшүү:

Өмүрбектин кечээ эртең менен Кыргызстанды таштап, Москва кайдасың деп учуп чыгып кеткени көпчүлүктүн оозун ачырды. 2017-жылдагы Президенттик шайлоого талапкер катары катышып, шайлоодон кийин Оштун Отуз-Адыр шайлоо участогунда болгон жолугушууда Улуттар аралык кастыкты козутууга, бийликти күч менен тартып алууга жана массалык башаламандыкка чакырык жасаган деп айыпталган болчу. Шайлоо аяктагандан кийин өлкөнү таштап сыртка чыгып кеткен. Ошол кездерде тергөө органдары Ө. Бабановго Кылмыш-Жаза Кодексинин 2 беренеси менен айыпталды деп билдирип, ага карата издөө жарыялангандыгын кабарлаган. Кийинчерээк кез-кези менен Россиядан үн катып койгону болбосо, ал 2018-жылды бейкапар өткөрдү десек туура болот. Ө. Бабанов быйыл августта Кой-Таштагы окуяда А. Атамбаев кармалгандан кийин, элге тынчтык орнотуу үчүн деп, тагыраак айтканда 9-август күнү Кыргызстанга “Манас” аэропорту аркылуу келип конгон. Ал Кыргызстанга кайтуу ниетин билдиргенде укук коргоо органдары аны кармап, камакка аларын жар салган. Бирок, Ө. Бабанов “Манас” аэропортундагы эл менен болгон жолугушуудан кийин түз эле үйүнө сапар алган. Ал бир саат дагы камакка алынбады.

Ал эми коомчулукта Бабанов президент Жээнбеков менен тил бекитип алды, эми камалбайт деген ой басымдуулук кылган. 8 иш боюнча күбө катары көрсөтмө бере тургандыгы белгиленип, жыйынтыгына кулак түргөндөр көп болуп турган. Эми минтип кайра эле Кыргызстанды таштап, чет элге сапар тартканы белгилүү болуп олтурат. Бабановду жакындан билгендер анын шылуундугуна өзгөчө тан берери айтылып келген. Ал чынында эле “супер шылуун”, “супершайтан” экендигин бүгүнкү аракети менен толук далилдеди. Анткени, 2 жылга чукул издөөдө жүрүп, сот тарабынан кармалган жеринен камакка алуу ыкмасы кабыл алынган БӨТ оозду ачтырып жатат. Ал камалмак тургай, каалаган учурда Кыргызстандан чыгып кете алаарын дагы бир ирет терең далилдеди десек туура болот го…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: