Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 24-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.
“Биз Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшкөндө товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүүнү сүйлөшкөнбүз. Бул үчүн эки мамлекеттин жана ишкерлердин да аракети керек”,- деди Жээнбеков.
Түркия Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 600 млн доллардан ашык инвестиция салды.
Өлкө башчынын маалыматына караганда, 2018-жылы Түркиядан 93 млн доллар инвестиция келген. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы жылдыктовар алмашуу 400 млн долларды түзөт.
Президент Жээнбеков Кыргызстанда инвесторлорго бардык шарт түзүлүп, бир топ жеңилдиктер берилгенин белгилеп, түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды. Өлкөдө инвесторлордун укуктары толук корголгонун, алардын мүлкү кол тийгис экенин айтты.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ