Кечээ, 26-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында БУУ БАнын 74-сессиясынын аянтчасында Министр Чыңгыз Айдарбековдун Кирибатинин, Вануатунун, Сент-Винсент жана Гренадиндердин жана Кабо-Верденин делегацияларынын Башчылары менен өз өзүнчө эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен Коммюникелерге кол коюу аземи болду.
Кирибати Республикасы үчүн – Танети Маамау, Кирибати Республикасынын Президенти жана Тышкы иштер министри.
Вануату Республикасы үчүн – Ралф Регенвану, Вануату Республикасынын Тышкы иштер, эл-аралык кызматташуу жана тышкы соода министри.
Сент-Винсент жана Гренадиндер үчүн – Ралф Гонсалвес, Сент-Винсент жана Гренадиндердин Премьер-министри.
Кабо-Верде Республикасы үчүн – Луиш Филипе Тавареш, Кабо-Верде Республикасынын Тышкы иштер жана диаспора министри.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар ошондой эле БУУ БАнын 74-сессиясынын күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүү жана БУУнун шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселелерин талкуулады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ