Menu

Түрк генералынын үйүндө иштеген өзбек жараны тапанчадан атылган октон каза болду

Бөлүшүү:

24-сентябрда Түркиянын Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын депутаты, отставкадагы генерал Ширин Уналдын үйүндө иштеп жүргөн 23 жаштагы өзбек жараны Надира Кадырова каза болду.

Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, Кадырова генералга таандык тапанчадан атылган октон жаракат алып, ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Андан бир күн мурда Кадырова курбусуна SMS-билдирүү жөнөткөн. «Өтө жаман нерселер болуп жатат. Агамдын көзүн кантип карайм. Өлгүм келип жатат», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Азырынча түрк парламентинин депутаты бул окуя боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартууда.

Кадырованын агасы Мухаммадали Кадыров карындашы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн сынактарга даярданып жүргөнүн жана өз өмүрүнө кол салууга эч кандай себеп болбогонун билдирүүдө.

Өзбекстандын Анкара шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришкендей, кыздын сөөгү мекенине жеткирилип, 26-сентябрда жерге берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: