Menu

Тажик ишкери Эквадордо роза өстүрүп, дүйнөнүн 30 өлкөсүнө сатууда

Бөлүшүү:

Сайид Носех Толибов аттуу тажикстандык ишкер мекенинен 15 миң чакырым алыстыкта жайгашкан Эквадор мамлекетинде роза өстүрүп, дүйнөнүн 30 өлкөсүнө сатат.

Эквадорго эки жыл мурда көчүп барган Толибов өлкө борборунан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Каямба шаарчасында жашайт. Эки жылдын ичинде испан тилин үйрөнүп, плантациясынын аянтын 10 гектардан 40 гектарга чейин кеңейтүүгө жетишкен.

Учурда анын плантациясында 300гө жакын жергиликтүү тургун жана сегиз тажик жараны иштейт.

«Жалпысынан Эквадордо тажикстандыктар өтө аз. Бул шаарчада болгону үч гана тажик үй-бүлөсү жашайт», — деди Толибов.

Ал учурда Эквадордо өстүргөн розаларды Тажикстанда сатуу үчүн өнөктөш издеп жатканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: