Menu

“Берекет-Универсал” базары Бишкек мэриясына өтөбү?

Бөлүшүү:

Бишкектеги Ош базардын аймагында жайгашкан “Берекет-Универсал” соода жайынын айланасындагы талаш улам курчуп, чыңалуу чегине жетти. Кечээ күнү базарда эмгектенген 1000ге жакын адам нааразылык акциясын уюштуруп,”Берекет-Универсал” соода жайынан Чүй проспектиси аркылуу Ак Үйдүн алдына чейин жөө жүрүш жасашты. Коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн колдоруна бир нече жазуу-чакырыктарды кармап алган акция катышуучулары Бишкек мэриясынын алдынан өтүп баратканда мэриядан башбагып койгон жан болбоду.

Бирок, тынчтык митингин өткөрүүнү көздөгөн көпчүлүк Ак Үйдүн алдына келээри менен формачан кызматкерлер пайда болуп, акция катышуучуларын мэр А. Суракматов кабыл алууга даяр экендигин, алар үчүн мэриянын чоң залынын эшигин кенен ачып күтүп жаткандыгын айтышып, элди артка кайтууга көндүрүштү. Не болсо да “базарчыларга” Кудурети күчтүү Ак Үйдүн “пайдасы” тийип мэр А. Суракматов жоон топ жан-жөкөрлөрү менен кабыл алып, нааразычылыктарды угууга аргасыз болду. Жолугушууда төмөндөгү көйгөйлөр айтылды:

“Берекет” жабык акционердик коому (ЖАК) быйылкы жылдын 12-апрелинде ал жерде эмгектенген 1000ден ашык арендаторлорду иш ордуна киргизбей, дарбазаны кулпулап салган.

Көрсө, “Берекет” ЖАКсы базар жайгашкан 0,953 гектар жерди Бишкек мэриясынан 18.08.2010-жылы № 315 токтомдун негизинде 10 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга алып, ал жерге автотоктотмосу бар соода комплексин кура тургандыгын убадалаган экен.

“Берекет-Универсалдын” ижарачылары “Берекет” ЖАК тарабынан аталган токтомдун жана ага ылайык түзүлгөн келишимдин бир нече талаптары одоно бузулгандыгын, жер участогун өздөштүрүүнүн белгиленген 2 жылдык нормативдик мөөнөтү 2012-жылы эле бүткөндүгүн, ошондуктан Муниципалдык менчиктин жери кайрадан Бишкек мэриясына өтүүгө тийиш экендигин белгилешти. Ижарачылар ай сайын алардан чогултулган олчойгон акча каражаттары жеке адамдардын “чөнтөгүнө” гана кызмат кылып, шаар казынасына болсо “итке сөөк ыргыткандай” бөлүгү түшүп жаткандыгына нааразы. Тактап айтканда,“Берекеттин” “кожоюну” Болот Бегалиев тарабынан 1998-жылдан бери ай сайын олчойгон акчалар мыйзамсыз жыйналып, соода орундары бир нече жолу бир нече адамга сатылгандыгы айтылды. Мисалы, акыркы мезгилдерде базардан ай сайын 4-5 миллион сомдун (бир жылда 50-60 миллион сомдой) тегерегинде акна каражаттары жыйналып, бирок мэриянын казынасына бир жылга 2 миллионго жетпеген акча түшүп келген. Калган акчалар кайда житип жатат деген суроо кабыргасынан коюлду.

Ал эми нааразычылык акциясынын катышуучулары эгерде “Берекет-Универсал” соода жайынын ордуна муниципалдык базар ачыла турган болсо ай сайын 2 миллион сомдон акча каражатын чогултуп төлөп турууга макул экендигин айтышты. Бул деген бир жылда мэриянын капчыгына 2 миллион сомдун ордуна 24 миллион сом акча кошумча түшүп тураарын көрсөтөт. Эми элестетип көрсөңөр, 20 жылдан бери “Берекет” кожоюндары канча акчаны “сугунганын”…

Жолугушууга “Берекеттин” атынан катышууга келген Болот Бегалиевди сүйлөтө коюшпады. Анүстүнө, калкып чыгып турган чындыктан кайда кача алмак. Болгону, эмгек жамаат менен ынтымакта иштеп келгендигин, быйыл апрель айында базардан чыгарууга макулдашышканын жана “айрым” адамдар коллективди бузуп аткандыгын айтты. Бегалиевдин мындай пикири нааразычылыкты ого бетер күчөткөндөй болду…

Акция катышуучуларын нааразы кылган көйгөй маселенин бири апрелден айынан бери электр энергиясынын берилбей жаткандыгында. Анткени электр энергиясы Б. Бегалиев трансформаторун көтөрө качкандан бери 6 ай өтүп, быйыл жайы менен эл керектөөчү тамак-аш продуктыларын сатууда муздаткычтар иштебегендиктен аябай кыйналгандыгын айтышты. 21 кылымда Эгемен Кыргызстандын борборунда жайгашкан, миңден ашык адам күн сайын туруктуу эмгектенип жана бир нече миңдеген адамдарды тамак-аш азыктары менен тейлеп жаткан базарда 6 айдан бери муздаткычтар иштебей турса да мэриянын айрым кызмат адамдары энергия берүүнү атайылап Б. Бегалиевдин кызыкчылыгы үчүн создуктуруп жатышкандыгы өзгөчө резонанс жаратты.

Базардын эмгек жамааты ”Берекет” ЖАКсынын үстүнөн милиция, Финпол, УКМКга кайрылышканын, арыздын негизинде сотко чейинки териштирүүлөр жүрүп жаткандыгын жана алар соода кылып жаткан жер участогуна “Муниципалдык базар” уюштуруп берүү талабын буга чейин да тиешелүү тараптарга жөнөтүп келишкендигин баса белгилешти.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: