Menu

Ядролук куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ядролук куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги Жыйынына катышты. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Ч.Айдарбеков ядролук куралды таратуунун алдын алуу боюнча таасирдүү чараларды кабыл алуунун, ошондой эле массалык жок кылуучу курал жаратып жаткан коркунучтарды азайтуу боюнча БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты жигерлетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, КР Тышкы саясий мекемесинин башчысы БУУнун куралсыздандыруу жаатындагы борбордук ролун, ошондой эле ядролуксуз дүйнөгө жетүү боюнча көп тараптуу механизмдерди сактап калуунун маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн белгиледи.
Маалымат үчүн: Бул жыйын адамзат үчүн коркунуч жаратуучу ядролук курал жөнүндө коомдук маалымдуулукту жогорулатуу жана аны толук жок кылуу жана ага толук тыюу салуу кечиктирилгис зарылчылык экендигин түшүндүрүү максатында, ошондой эле ядролук куралдан эркин болгон дүйнөнү куруу жалпы максатына жетүү үчүн эл аралык күч-аракеттерди мобмлмзациялоо максатында өткөрүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: