Menu

Алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун акчасына түптөлгөн “Кыргызстан” партиясы шайлоого биринчи болуп аттанды

Бөлүшүү:

Айтылуу алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун акчасына түптөлгөн “Кыргызстан” партиясы 22-сентябрдагы курултайында кезектеги парламенттик шайлоого (мыйзамга ылайык 2020-жылы күзүндө болууга тийиш) катышарын жарыялады. Мына ошону менен өлкөдө шайлоо өнөктүгү бейрасмий түрдө башталды десек болот.

Жакын арада “Республика” партиясы да курултайга жыйылары кабарланууда. Ал курултайда партия лидери жана капчыгы Өмүрбек Бабанов бир жактуу чечим кабыл алары күтүлөт. Ал кылмыш иштерди “саясий куугунтук” деп жарыялап, ачык саясий күрөшкө чыгат же “саясаттан кеттим” деген сөзүн ырастап, ишкерлик менен гана алек болорун кайталайт…

“Республика” партиясы мына уши-тип “эки анжы болуп, шайлоочулары да арасат абалда калганда “Кыргызстан” партиясынын авансценага чыгуусуна, “Республиканын” өлкө түндүгүндөгү шайлоочуларын өзүнө тартып алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлүп турат.

Партия лидери Канат Исаев президент С. Жээнбеков жана анын айланарындагылар менен жакшы мамиледе. Президенттин командасы Канат Исаевди А. Атамбаевдин Чүйдөгү таасирин азайтуу максатында абактан чыгарган. Ал миссияны кайсы бир деңгээлде аткарды.

Канат Исаев менен бийликтин ортосундагы жакшы мамиле “Кыргызстан” партиясынын Жогорку Кеңешке келишине ыңгайлуу шарт түзөт. Ошондуктан партия лидери Исаев, партиянын көрүнүктүү өкүлү болуп калган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков президент С. Жээнбековго лоялдуу болушуп, мактап-жактап жатышат.

АШАнын каарынан коркуп, Канат Исаевден жүз үйрүп, сатып кеткен партиялаштары да кайрадан анын “этегине жыгылып” келишкени мына ошол эле 22-сентябрда курултайда айкын болду.

Дал ушул жагдайлар “Кыргызстан” партиясынын келерки парламенттик шайлоого өз алдынча барабыз деп чыгуусуна негиз берүүдө. Андан ары президенттик шайлоодо ат салышуу максаты турат…

Бирок, “Кыргызстан” партиясынын үстүндө “ала булут” жок, баары ойдогудай дегенге да болбойт. Маселен, К. Исаевдин кылмыш ишине чекит коюла элек. Партия депутаттары аралашкан “контрабандисттер” жаңжалы да партия беделине сокку урган. Жай айларында өкмөт башчылык үчүн күрөштө өкмөт башчы М. Абылгазиев Исаевдин амбициясы ишке ашуусуна жол берген жок. Аппараттык оюндарда, кадр дайындоодо Абылгазиев батылдык кылып, келерки президенттик шайлоодо оңой жоо болбосун туюндуруп келатат…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: