Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биздин милдет – калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди электр энергиясы жана катуу отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу

Бөлүшүү:

Биздин милдет – калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана катуу отун менен камсыз кылуу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүгө тийишпиз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында айтты.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргендей, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине 1 млн 114 миң тонна көмүр керек.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан бүгүнкү күнү ташылып келген 680 миң тонна көмүрдүн 150 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөгү көмүрдөн жана 2800 тоннасы импорттолгон көмүр. Зарыл көлөмдөгү газды ташууга келишим түзүлгөн. Мазут ташууга тендер жарыяланган. Жакын арада жеңүүчү белгилүү болот. Бишкек ЖЭБинде 1200 тонна мазут болсо, Ош шаарынын ЖЭБинде – 4000 тонна мазут бар. Алгачкы мезгилге бул көлөм жетиши керек. Социалдык объекттерди жана калкты көмүр менен камсыздоо иштери пландаштырылган график боюнча жүрүп жатат», – деп билдирди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, көмүрдүн баасы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш.

«Мындан тышкары калк үчүн чекене көмүр сатуу түйүндөрүн иретке келтирүү зарыл. Жыл сайын окшош эле көрүнүшкө күбө болобуз – кышка жакын шаарлардын, райондордун жана облустардын борбордук көчөлөрү соода жайларына айланат. Ар кайсы жерде көмүр, чаң. Район башчылары, шаар мэрлери, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери буга өтө дыкат көңүл буруп, көмүр сатууга өзүнчү жайларды берип, тартипке келтирүүгө тийиш. Ошол эле учурда жарандардын калк үчүн көмүр сатылган жерлер тууралуу маалыматы болушу керек», – деди Өкмөт башчы.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы  Айтмамат Назаровдун айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 млрд куб. м. түзүүдө.

«Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд куб. метрге аз. Бирок бул күз-кыш мезгилдери үчүн жетиштүү көлөм. Бир катар гидроэлектростанцияларда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери күз-кыш мезгилинен өтүүгө таасир этпейт. Бирок кийинки кыштан өтүү боюнча тынчсыздануу бар, себеби суунун аз болоору байкалууда. Бул көрүнүштү эсепке алуу менен, Өзбекстан Республикасына  кышында электр энергиясын берүүдөн баш тарттык, Казакстан Республикасына келишим боюнча 270 КВтс. беришибиз керек. Иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулду», – деп Айтмамат Назаров кошумчалады.

Өкмөт башчы ири компаниялардын, өзгөчө энергетиктерге карызы барлардын электр энергияны колдонуусуна мониторинг жүргүзүү керектигин белгиледи.

«Энергияны үнөмдөөнүн жаңы механизмдерин дагы киргизүү зарыл. Мисалы, «Газпром–Кыргызстан» ЖЧКсы Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүн газ менен камсыздоону сунуштап жатат. Бул негизинен жаңы конуштар. Бул үчүн өзүнчө программа керек, аны ыкчам иштеп чыгуу абзел», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: