Menu

Андрей Малахов үчүн Аликбек Жекшенкулов менен Камчыбек Ташиев кайым айтышты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен экс-депутат Камчыбек Ташиев социалдык тармак аркылуу кайым айтышты. Андрей Малахов да түшүнсүн дешкенби, айтор, экөө тең орус тилинде (элчи “Фейсбуктагы” баракчасына алгач орус тилинде, анан кыргыз тилинде пост калтырган – авт.) жазышкан. Анткени экөөнүн кайым айтышуусуна дал ушул Малахов “күнөөлүү”.

Орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун кыргыздарды басынтып сүйлөгөнү боюнча айткандарына Камчыбек Ташиев капаланып, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду сындап, аны ойгонууга чакырып, Малаховго татыктуу жооп беришин талап кылган. “Эгер сиз кыргызстандыктардын, кыргыздардын укугун коргобосоңуз, анда эмнеге элчи болуп отурасыз жана шайландыңыз?” – деген суроо таштаган.

Көп өтпөй эле экс-депутатка элчи жооп кайтарды. Ал Ташиевди эмоцияга алдырбоого чакырып, Орусияда кырсыкка кабылган жаранга элчилик ар тараптан көмөк көрсөтүп жатканын белгилеген. “Бул окуянын негизинде чыр-чатакты андан ары күчөтүү аракеттери улана бериши мүмкүн, бирок биз айрым саясатчылардын жасалма жол менен уюшулган талашына киришүүгө жол бербешибиз керек. Жол кырсыктын айланасында атайын ажиотаж түзүү, тергөөдө отурган мекендешибиздин тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, – деген А.Жекшенкулов.

Эскерте кетсек, «Колбаса Королу» атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Бирок, ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, кыргыздарды кемсинткен. Ал: “10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”, – деп айткан болчу.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: