Menu

Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев абакта кимдер менен бирге отурганы айтылды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Бишкектеги №1 тергөө абагында, мурда соттолбогон жана оор кылмыш кылбагандар менен отурганын, анын өмүрүнө коркунуч жок экендигин ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

ЖАМКнын билдирүүсүнө чейин адвокат Замир Жоошев: “Бийлик Канат Сагымбаевге кысым көрсөтүү үчүн атайын Бишкектеги №1 тергөө абагына отургузду”, – деп билдирүү тараткан.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-сентябрда, кечке маал Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Адам өлтүрүүгө катышуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча айыптап, суракка чакырып, 48 саатка камакка алган. Кечээ, 26-сентябрда, анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, анда адвокат аны үй камагына чыгаруу боюнча суранган. Анын өтүнүчү четке кагылып, ал 8-октябрга чейин №1 тергөө абагында кармоо чечими чыккан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: