Menu

Фото – Чыңгыз Айдарбеков «Өнүктүрүүнү каржылоону баалоо» долбооруна Кыргызстанды кошуу чечими үчүн ПРООН, ЕС жана БУУ ДЕСАга ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

26-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Союзу жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти менен биргеликте уюштурган «Каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери: Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын улуттук пландарын каржылоо инструменти» темасындагы иш-чарага катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын негизги максаты Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын улуттук пландарын ишке ашырууну каржылоо боюнча кошумча ресурстарды мобилизациялоо боюнча өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүнү аныктоого багытталган «Өнүктүрүүнү каржылоону баалоо» долбооруна кошулган өлкөлөргө көмөк көрсөтүү жолдорун жана жетишкендиктерди талкуулоо болуп саналат.

Иш-чарага Европа Союзунун эл аралык мамилелер жана өнүктүрүү боюнча Комиссары Невен Мимица, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администратору Ахим Штайнер, БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Лю Чженминь катышты. Өз чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө катышуучулар «Өнүктүрүүнү каржылоону баалоо» долбоорун ага кошулган өлкөлөрдүн кызыкчылыгында ишке ашырууну улантууну белгилешти.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ПРООН, ЕС жана БУУ ДЕСАга Кыргызстанды жогоруда аталган долбоорго кошуу чечимине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө маалымат берди жана кыргыз тарабынын Кыргыз Республикасында Өнүктүрүүнү каржылоо үчүн баалоону даярдоо боюнча ишинде өнөктөштүк өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин тастыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: