Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен 3-бөлүмүнүн 1-пунктунда (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 29-майында “Акнет” компаниясынын президенти К. Ажимудинов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен 3-бөлүмүнүн 1-пунктунда (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 232-беренеси 2-бөлүмү (Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу), 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 359-берененин 2-бөлүмүндө (Документтерди жасалмалоо), 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө малымдама менен таанышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө “Акнет” ЖЧКсынын бухалтериясында 2013-жылдан 2018-жылга чейинки расмий эмес “кара касса” табылып, салыктык текшерүү дайындалган. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында салыкты жана башка милдеттүү болгон төлөмдөрдү төлөөдөн качуу түрүндөгү сумма 616.816.112,70 сомду түзгөн.
18-сентябрь күнү К. Ажимудиновго Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1, 3-пункттарында (Адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүү боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешелер менен чыгашалар жөнүндө бурмаланган маалыматты декларацияга киргизүү аркылуу салыкты төлөөдөн качуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө жаңы маалымдама тапшырылды.
Белгилейбиз, тергөө коргоочуларга кысым көрсөткөн жок, шектүү К. Ажимудинов жазуу түрүндөгү арызы менен коргоочулардан баш тартууда жана аларды алмаштырууда.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ