Menu

200 миң доллар пара менен кармалган Чалбаевдин иши эмнеге жашыруун болуп калды?

Бөлүшүү:

Эсиңиздерде болсо керек, былтыр 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев кармалган. Ошол маалда Чалбаев ишти бүтүргөнгө жарым миллион доллар сураганы сөз тарап, аны депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештен көтөргөн:«Арпачиев 100 миң доллар менен кармалды, Чалбаев 200 миң доллар менен кармалды. Акчалар Карганбек Самаковдуку экенин ачык айтпай жатасыңар. 510 миң доллар Самаковдун ишин бутүрүш үчүн алмак, бирок 200 миң доллар менен кармалды» деп. Таң калыштуусу, ири пара менен коштолгон ошол чуулуу ишти прокуратура «жашыруун» кылып коюптур, ал бир жылдан бери сотто каралып жатыптыр. Негизи, мыйзам боюнча мамлекеттин коопсуздугуна тиешелүү же зордуктоо боюнча иштерде гана «жашыруун» каралары маалым, анан неге күнүмдүк турмуштагы пара алуу ишин булар жашырып жатышат? 200 миң пара менен кармалган резонанстуу иш эч качан жашыруун өтпөшү керек. Ооба, айрым учурда күбө жапа чекпеши үчүн чара көрүлөт, андай шартта күбөгө жашыруун ат берилет. Ал сотко да катышпай койсо болот, көрсөтмөсүн гана окуп берет. Кыскасы, жарым миллион пара боюнча шектелген прокурордун ишин сот «жашыруун» карап, чоң катачылык кетирүүдө. Буга коомчулук жол бербеши керек.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: