ТЭЦке Казакстандан бир тоголок көмүр келе элек. Белгилей кетсек, тендерден уткан Казакстандын “КонтакУглеПром” компаниясы 400 миң тонна көмүр менен камсыздаш керек болчу. Көмүрдүн алгачкы бөлүгү сентябрда келип калаарын “Электр станциялары” жар салган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин көмүрдөн дайын жок. Казактар болсо сентябрь-октябрь айларында көмүр бере албай турганын кабарлашканы айтылып жатат. Демек, көмүр келеби же жокпу деген күмөн бар. “КонтактУглеПром” компаниясы тендерди мыйзамсыз утканы боюнча чуу бекер чыкпаптыр. Кимдин кызыкчылыгы элдин мүдөөсүнөн жогору туруп жатты экен. Кышында эл тоңсо жоопкерчиликти ким тартат?
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ