Талас облусунун башчысы Марат Мураталиевдин ээлеген кызматынан кетээри бышып калыптыр. Буга анын губернатор катары ишти тарта албай койгону, “Көчмөндөр оюндарын” тиешелүү деңгээлде уюштура албай, бир топ мүчүлүштүктөргө жол бергени себеп болуптур. Анын үстүнө бийликке парламент тараса шайлоону ойдогудай өткөрүп бере турган өздөй киши керек болуп жатыптыр. Мураталиев кызматтан алынса, ордуна “Учкун” ишканасынын жетекчиси Даир Кенекеев кайрадан барып калышы мүмкүн экен.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ