Menu

“Ынтымак” эс алуу багына көчөт олтургузуп жатышкан Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмнеге кайым айтыша кетишти…

Бөлүшүү:

14-сентябрда Бишкектеги жаңы ачылган “Ынтымак” эс алуу багына 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өздөрүн Убактылуу Өкмөт деп жарыялашкан 14 төңкөрүшчү да көчөттөрдү олтургузушкан.

Ал күнү “Ынтымак” эс алуу багында Убактылуу өкмөттүн арасында болуп өткөн ыйкы-тыйкы, кер-мур айтышууну баары эле уга элек болсо керек. Эс алуу багына келген Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев жана башкалар алып келинген көчөтөрдү тигебиз деп шаңыраңдап турушканда келе калган Азимбек Бекназаров: “Биз Убактылуу өкмөт 14 кишиден турбадык беле, эмнеге 11 эле көчөт алып келгенсиңер? Эмне үчүн Иса Өмүркулов чакырылган эмес? Атамбаевдин атынан да көчөт олтургузуп коёлу, ага да бир көчөт алып келиш керек, жалпысынан дагы 3 көчөт алып келгиле” деп бакылдап кайрылат.

“Атамбаев абакта жатканы үчүн ага көчөт алдырбадык, ал эми Иса Өмүркуловду чакырууга Текебаев каршы чыкты: “мен камалганда Иса бир да колдоп койгон жок” деп көшөрдү” дешет калган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү. Муну уккан Азимбек Бекназаров “жок, биз Убактылуу өкмөттө 14 киши болгонбуз, бул жерге 14 көчөт олтургузулушу керек” деп кашайып, Иса Өмүркуловго телефон чалып “эмнеге “Ынтымак” паркына көчөт олтургузууга келген жоксун?” деп сурайт. “Чакырышкан жок” деп бозорот Иса. “Мына, чакырып жатабыз, тез жетип кел” деп буйруйт Бекназаров. Араң эле турганбы, тез эле жете келген Исага ошол жерде тургандар Текебаев “камалганымда Иса колдогон жок” деп таарынып жатат деп түшүндүрүшөт. Анда Иса Текебаевге угузуп туруп эле “мен камалганда Текебаев мени колдогон эмес, ошон үчүн мен да Текебаев камалганда аны колдогон жокмун” деп каяша айтат.

Аңгыча дагы 3 көчөт жеткирилип, 14 көчөт болот. Ар кимиси өз көчөтүн олтургуза башташканда Азимбек Бекназаров өзүнүн көчөтүн тигип бүтүп, “Атамбаевдин көчөтүн мен олтургузам” деп анын атынан бир көчөттү алып тигип кирет.  Аны көргөн Исмаил Исаков “анда мен президент Сооронбай Жээнбековдун атынан да бир көчөт олтургузам” деп, бир көчөттү тигип салат. Ошондо Болот Шерге көчөт жетпей калып, “Ынтымак” эс алуу багында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шердин көчөтү олтургузулбай калат. Баса, ал күнү Болот Шер оорудан өзүн жаман сезип турганын билдирген дешет…

Көчөттөрдү олтургузуудан кийин шаңыраңдаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга  жөнөшөт.

 Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: