Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Вечерний Бишкек” катасын мойнуна алып, менин пикиримди жарыялай турган болду”

Бөлүшүү:

Мурдагы эки депутат Равшан Жээнбеков, Шаршенбек Абдыкеримов Stanradar, «Русская Весна» жана «Белый пароход» сайттарына жана “Вечерний Бишкек» жана «Дело N», “Жаңы Ордо” гезиттерине нааразы болуп, сотко эмес, ММКларга карата арыздарды караган комиссияга даттанып, арыз жазышкан. Аталган комиссия алардын арызын карап, жүйөөлөрүн угуп, мурдагы күнү (26-сентябрда) жыйынтыктап, чечим чыгарды.

Комиссия мүчөлөрү эки тарапты тең жыйынга чакырган. «Дело №» менен «Белый пароход» редакциясынын өкүлдөрү жыйынга барган жок. Ошондой эле белгилүү бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримов өзү барбай, “Аю” компаниясынын өкүлү Акылбек Кунакуновду жиберип койгон.

Ал жыйында Равшан Жээнбеков сөз сүйлөп, «Вечерний Бишкек» жана «Дело N» гезиттеринде “Американын агенти” деп жарыяланган маалыматты төгүндөп, карандай калп экенин баса белгиледи. “Вечерний Бишкектин” өкүлү Бакыт Стамов материал даярдалып жатканда, маалыматты тактоо үчүн өздөрүнө чалып аракет кылганын, бирок, алар менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбогонун айтып, экинчи тараптын пикири берилбей калганын моюнуна алып, Равшан Жээнбековдун пикирин жарыялоого даяр экенин билдирди.

Ал эми “Аю” компаниясынын өкүлү Акылбек Кунакунов “Аю” холдингинин өкүлү Шаршенбек Абдыкеримов жөнүндө “Жаңы Ордо” гезитине макала чыгып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “капчыгы” деп жазылганын баса белгилеп, ал маалымат жалган экенин, журналист Этикалык кодекстин нормаларын бузганын айтты.

“Жаңы Ордонун” жаңы башкы редактору Наралы Асанбаев ушул сыяктуу макалалар башка ММКларга чыкканын айтып, Абдыкеримовдун арак заводу Атамбаев тушунда президенттик фондго миллиондогон сомдорду которгонун далилдеген документтерди көрсөттү. Ошого карабай, редактор экинчи тараптын да пикирин жарыялоого даяр экендигин билдирди. Наралы Асанбаев да макала чыгар алдында Шаршенбек Абдыкеримовго байланышканга аракет кылганын, ал телефон албай койгонун айтты. Ал кайра байланышка чыкпай койгонуна да басым жасады.

Комиссиянын мүчөлөрү эки тараптын жүйөөсүн угуп, бир чечимге келишти. Тагырагы, жогоруда аталган басылмалар журналисттин Этикалык нормаларынын бир катар беренелерин бузгандыгы боюнча жыйынтык чыгарышты.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: