Menu

Финпол Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кабинетинде тинтүү жүргүзүп, өзүн суракка чакырды

Бөлүшүү:

Финполиция КР Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын иш кабинетинде 27-сентябрда тинтүү жүргүзүп, айрым документтерди алып кеткен, ал эми өзүн, эртеңге, 30-сентябрга саат 15:00гө суракка чакырган. Бул тууралу биздин укук коргоо органдарындагы булактарыбыз билдирди.

Маалыматка ылайык, Каржы полициясы Соттогу өкүлчүлүк борборунун жетекчилигине каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин “бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Көрсө бул кызмат “өкүлчүлүк чыгымдары” беренеси боюнча бюджеттен каралган 1,6 млн сомдун ордуна 6 млн сомду чыгымдап салышкан. Тергөө учурунда алар мындай эпсиз чыгымдарды жасоого Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева уруксат берип, кол коюп бергени боюнча көрсөтмө беришкен.

Ал эми Бактыгүл Жээнбаева ал документтерге ага чейинки министр кол койгонун билдирген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: