Menu

Назарбаев Орусия казактарды бардыгынан куржалак калтырганын билдирди

Бөлүшүү:

24-сентябрда Стамбулда казак тарап менен түрк тарап катышкан ишкер форум болуп өтүп, анда сүйлөгөн Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев казак элинин жигиттери дүйнө жигиттеринин эң мыктысы экенин билдирди. Бул тууралуу spravochnik.zone сайты жазып чыкты.

“Казакстан – бардык түрк элдеринин тарыхый мекени, биз ошол мекенде жашайбыз. 1861-жылы Орусия биздин казак ханды өлтүрүп, өлкөбүзгө 130 жыл оторчулук (колония) кылганы бардыгына беш колдой белгилүү. Ошол оор заманда казак эли улуттук маданиятын, казак тилин, дилин, динин жоготподу. 1991-жылы Жараткан биздин үнүбүздү угуп, көз карандысыздык алдык.

Түрк элинин ата-бабалары биздин аймакта жашачу, анан жер которуп, улуу түрк эли деген аталышка ээлик кылып калды. Түрк эли казактар – эң мыкты жигиттер экенин жакшы билип келген. Биз дал ошол казактарбыз”, – деди Назарбаев өз сөзүндө.

Дагы мындайча кошумчалады: “1991-жылы түрк президенти биринчилерден болуп кубанычыбызды тең бөлүшүп, Казакстандын  көз карандысыздыгын таанып, эгемендүүлүгү менен куттуктаган. Биз аны эсибизден чыгарган жокпуз, ар дайым эсибизде болот”.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: