Menu

Асмандан “парашют” менен түшкөн “электрик” Назаров

Бөлүшүү:

Айтмамат мырза бир өлкөнүн электр тармагын тескеп олтурганы менен бир да күн электрик болуп иштеген эмес. Бизнесте жүрүп эле кызматка келген. Салыштырып айтканда «Энергохолдингге» асмандан эле «парашют» менен түшүп келип жетекчи болуп олтуруп калды. Өмүрү карагайдын башына чыгып эки зымды кошуп көрбөгөн киши бүгүн электр тармагын көзөмөлдөп олтурганы кайсы логикага туура келет? Же кызмат болсо эле бара берген немеби? Ал ишти алып кете алабы, жокпу өзүнө суроо берип көрдү бекен? «Ушул тармакты жетектеп бериңиз» деген сунуш болгон күндө дагы баш тартыш керек эле да, мен ал тармакты билбейм, колумдан келген ишти жасайын деп. Өлкөдөгү башкы электрик болуу дегенди бизнес менен салыштырбаш керек да. Дегенибиз, Назаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына чейин Шаршенбек Абдыкеримовдун «Топоз» деген пиво чыгарган ишканасын жетектеп келген. Андан депутат болуп, ага алымсынбай эми бакандай «башкы электрик» болуп чыга келди. Келип эле өлкөдөгү электр тармагын жетекчилерин, орун басарлары менен кошуп туруп алмаштыруу аракетине өттү. Өмүр бою жетекчи болуп олтурмак белем, капчыгымды кампайтып алайын деген логикага жетеленип алып иштеп атканы сокурга деле көрүнүп туру. Өткөн жума «Ошэлектр» тармагынын жетекчилерин айрым райондук РЭСтин жетекчилерин алмаштырды эле. Кийинки жумалардан «Северэлектр» тармагынын жетекчилерин алмаштырууга билек түрө киришип атыптыр. Айтмамат Назаров мамлекеттик кызматты бизнес менен алмаштырып алган жокпу, ыя?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: