Menu

Динара Ошурахунова, укук коргоочу: “Журналистке кол салган ишти Башкы прокуратура терең изилдеп чыгышы керек!”

Бөлүшүү:

Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салуу болгондон бери укук коргоочулар, журналисттер, дегеле коомчулук тынчсызданууда. Бул маселе боюнча ЖМКнын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү, укук коргоочу Динара Ошурахунова пикирин билдирди.

Анын айтымында, журналисттерге кол салуу коомго коркунуч жаратат. “Ош шаарында кол салууга дуушар болгон «Азаттыктын» кызматкеринин ишин Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ терең иликтеп чыгышы керек. Эгер алар ишти аягына чыгарбаса, анда биз күч органдарына, милицияга ишенбейбиз. Бул жагдайга коомчулук кылдат көз салып, жыйынтыгын талап кылууга милдеттүүбүз”, – дейт укук коргоочу.

“Азаттыктын” айтымында, 28-сентябрда Ош шаарында оператор Айбек Кулчуманов кол салууга дуушар болгон. Ал камера, дрон менен Райымбек Матраимовдун үйүнүн жанында видеоматериал тартып жатканда, капысынан денеси чымыр балдар пайда болуп, артынан уруп, опузалап. “Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким буйрутма берди?”, – деп видеотехникасын, документтерин жана машинасынын ачкычын тартып алышкан.

Жабырлануучу милицияга кайрылып арыз жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизде кылмыш ишин козгоп, териштирүү иши жүрүүдө. Айбек Кулчуманов медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланууда.

Ошол күнү кечки сегиздер чамасында, тартып алган техниканы үч жигит адвокаты менен милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартып койгон. Ал эми милиция журналисттерге алар да арыз жазганын билдирген. Экинчи тарап “Азаттыктын” оператору жеке менчиктин кол тийбестиги тууралу мыйзам нормасын одоно бузуп, жеке менчик үйдү үй ээсинен уруксатсыз тартып, ал аз келгенсип, дронун башкара албай, ал бир жарандын башына кулап, ал жаракат алганын айтышып арыз жазышкан.

Бул окуяга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар же жогун өзүнөн тактап берели десек, аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ал акыркы эки айдан бери Түркияда иштеп жана жашары айтылууда.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: