Жума, 27-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Камерун Республикасынын Тышкы иштер министри Мбелла-Мбелла, ошондой эле Мозамбик Республикасынын Тышкы иштер жана кызматташуу министри Жозе Кондугуа Пашеку менен өз өзүнчө эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасы менен Камерун Республикасынын ортосунда, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Мозамбик Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен Коммюникелерге кол коюлду.
Биргелешкен Коммюникенин текстинде тараптар БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун, тактап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти урматтоо жана бекемдөө, мамлекеттердин улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, көз карансыздыгын тийиштүү түрдө урматтоо, эл аралык келишимдерди сактоо, мамлекеттин ички иштерине кийгилишпөө принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди түзүштү деп белгиленет.
Кол коюу аземинен кийин тараптар мамлекеттер ортосунда, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ