Menu

Бекбоевдин Тербишалиевге тиши өтпөйбү?

Бөлүшүү:

«Кыял» бирикмесинин директору болуп жакында эле барган Данияр Тербишалиев өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жатыптыр. «Кыял» имаратынан ижарага орун алып иштегендерден акча үмүт этип, бир жылдык келишимдерине карабай аларды кууп, иштеген жерине киргиздирбей, эч кимди тоготпой көзүн май басып кеткенин айткандар арбын.

Маселен, Абдралиев Тынай аттуу жаран “Кыял” бирикмесинде 200 кв. метр жерди ижарага алып, “Рахат” деген ашкананы иштетүүгө 2019-жылдын 31-декабрына чейин келишим түзүп, мамлекеттик мүлк фондусу аркылуу №1590,1591 номерлери менен каттоодон өткөн. Ижара алган орунду өз каражаттарына оңдоп-түзөп суу, свет, канализация, өрт коопсуздугунун сигнализацияларын баарын жасаткан. Ижаранын акысын өз убагында төлөп турушкан. Ага карабай, 2019-жылдын 29-август күнү саат 15:00 чамасында “Кыял” бирикмесинин башкы администратору Бейшеналы уулу Жол-дош, диспетчер Улан, финансист Мураталиев Сүйүн 4 күзөт кызматкери келип ашканада тамак ичип отурган кардарларды жана иштеген кызматкерлерди мыйзамсыз кубалап чыгып, эшикти печаттап жаап салган. Ичинде болгон чийки жана бышкан тамак-аштар калган. Тамак-аштары бузулуп зыян тартышкан.

Жабырлануучулар Тербишалиевдин мыйзамсыз иштери боюнча Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисине кайрылышса, Бекбоевдин орун басары З.К.Коонбаевдең “туура чечим кабыл алып, мыйзам чегинде туура жооп бергиле” деген жооп келген. Андан бери бир ай өткөн. Тербишалиев билгениңерди кылып алгыла деп ижара келишимин бузуп, ижарачыларды ири зыянга учуратып өз билгенин кылып жаткан кези. Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси Турдуназир Бекбоев бул Тербишалиевди тизгиндей албайбы, тиши өтпөйбү деп ижарачылар нааразы?

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: