Сауд Арабия өлкөсүнүн падышасы Салман ибн Абдул-Азиз ибн Абдуррахман Аль Сауддун жансакчысы, генерал Абдул-Азиз аль-Фагхемди кечээ, 29-сентябрда Жидда шаарынан атып кетишти. Бул тууралуу “Bloomberg.com” сайты жазып чыкты.
Алардын билдирүүсүнө таянсак, атышуу кайым айтышуудан келип чыккан. Мамду аттуу адам Фагхемдин досунун үйүндө конокто болуп, ортодо жаңжал чыгарып, кайым айтышуу болгон. Жаңжалдан кийин Мамду үйдөн чыгып кеткен, ал көп өтпөй курал менен кайтып келип, баарын аткан. Падышанын жансакчысына ок тийип, ооруканага жетпей көз жумган.
Ал жерге полиция барганда, кылмышкер багынып берүүдөн баш тартып, алар менен да атышкан. Атышуудан 5 полиция кызматкери жабыркап, кылмышкер өлтүрүлгөн.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ