Menu

Өмүрканов Мирлан, котормочу, илимпоз: “Жаныш-Байыш эпосун англис тилине бир жылда которуп бүттүм”

Бөлүшүү:

Жаштар арасынан башкалар уктап жатканда иштеген эмгекчил инсандар чыкса жүрөк жибип суктанасың. Иштегенде да өзү үчүн эле иштей бербей эл үчүн кызмат кылып, кыргыз океандын ары жагына таанытам деп “Жаныш-Байыш” эпосун англис тилинде сүйлөткөн Мирлан Өмүркановго микрофон узаттык.

Мирлан мырза, оболу кайсы жердин уулусуз, ишмердүүлүгүңүз, чыгармачылыгыңыз тууралуу айтсаңыз?

– Мен Токтогул районунуна караштуу Сары-Камыш айылынын кулуну болом. Мектепти бүтүргөндөн кийин Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктадым. Учурда Бишкек шаарында жашайм жана туристтик агенттигинде котормочу болуп эмгектенем.

– Абдан жагымдуу жаңылык уктук, “Жаныш-Байыш” эпосун англисче сүйлөтүптүрсүз. Идея кимдики эле? Которууга канча убакыт сарптадыңыз? Бул эпосту тандооңуздун себеби?

– Ооба, негизи эле университетти бүткөндөн кийин ошол аты аталган окуу жайда эмгек жолумду мугалимдиктен баштагам. Аспирантурага тапшырыш үчүн жетекчи издөөгө туура келди. Ошондо англис тилинин кафедра жетекчиси Раушан Малаевна эжекем Караева Зинаида Караевнага мени жиберип, өзү телефон аркылуу да табыштады. Караева Зинаида эже мени карап туруп, «Сен кыргыз тилинен англис тилине которо аласыңбы?» – деп сурады. Мен дароо эле которо алам деп кескин түрдө жооп бердим. Зина эже көптөгөн кичи эпосторун англис тилине которуп жарыкка чыгарып жүрүптүр, мага эпостордун ичинен “Жаныш-Байыш” кичи эпосун которуп көрчү деп бир-эки барагын берди. Мен которуп көрсөтсөм эле дароо которуп башташымды талап кылды. Ошо менен бир жыл которууга убакыт сарптадым. Аспирантураны Кыргыз эл аралык университетине тапшырдым. “Жаныш Байыш” кичи эпосун англис тилине салыштыруу деген тема менен ишимди баштадым. Жетекчим Зинаида Караевна болду.

– Котормо иштери менен ага чейин алектенчү белеңиз?

– Котормо иштери менен окуу жайды бүткөндөн баштап эле алектенип жүрчүмүн. Бирок алгылыктуу жумушум ушул китеп болду.

– Англис тилин билгендер эмес, билбегендерден өйдө Европага же башка өлкөгө кетип иштеп жатышат. Сиздин кыргыз адабияты, маданият үчүн эмгек кылганыңыз мактоого татыйт. Кетип калуу жөнүндө ойлор болгон эмес беле?

– Ооба, студент кезде жана университетте иштеп жүргөндө андай ойлор көп эле болгон. Батыш өлкөлөрүнө кетүүгө көптөгөн сунуштар деле болгон. Бирок өзүм чечим кабыл алып, ал жактан тапкан акчаны Кыргызстандан деле тапса болоорун билип, кыргыз адабиятына аз да болсо салымымды кошоюн деген ниетте өз элимде эмгектенүүнү туура көрдүм. Кыргыз элинде жакшы сөз бар го «Бөлөк элге султан болгуча, өз элиңе ултан бол» деген. Анын сыңарындай, өз киндик кан тамган жеримден баар таап, ушул жактан өнүгүүнү эп көрүп, күжүрмөн аракеттин арты менен акырындан ийгиликтерди багындырып келе жатам.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: