Иллюстрациялык сүрөт.
28-сентябрда Чүй облусундагы Военно-Антоновка айылындагы бир тууган өспүрүм балдар даараткананын чуңкуруна түшүп кетип каза болгондугу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, бул окуя Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында, кечке маал болгон.
Чүй облустук милициянын маалыматына караганда, бир туугандардын улуусу 13 жашта, кичүүсү жети жашта болгон. Алар короодо ойноп жүрүп, бирөөсү дааратканага түшүп кеткен. Экинчиси аны куткарам деп атып ал дагы чуңкурга түшүп кеткен. Экөө тең чыгалбай, каза болуп калышкан. Бул факт кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ