Menu

Билим берүү министрлигиндеги карөзгөйлөр Мургаб кыргыздарынын келечегине балта чаптыбы?

Бөлүшүү:

“Де-Факто” гезитинин өткөн сандарынын биринде Билим берүү жана илим министрлигиндеги жеке кызыкчылыкты өйдө койгон «мите курттар» боюнча сөз козголуп, Тажикстандагы этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларынан берилген орундар «жең ичинен» таратылып кеткени боюнча айрым фактыны ачыкталган эле. Маалымат чыккандан кийин тескей турган айрым органдардын чын дилден күйүп-бышып кызыкканын байкалды, ал эми министрлик тараптан көнүл жубатарлык жооп боло элек.

Түшүнүктүү болуш үчүн окуяга бир аз токтоло кетели. Жыл сайын Кыргызстандын ЖОЖдорунан этникалык кыргыздар үчүн атайын орун бөлүнөт. Ал орундар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жайгарылат десек жаңылышпайбыз. Адаттагыдай быйыл дагы буга чейин болуп келгендей, чет жерде жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 орун бөлүнүп, алардын 30у – Өзбекстанга, 25и – Тажикстанга,
10у – Кытайга, 5и – Түркияга, 5и – Казакстанга берилген экен. Тилекке каршы, билим министрлигиндеги ачкөз кызматкерлер көпчүлүк орунду, болгондо дагы эң зарыл болгон медициналык орундарды бир өлкөгө, тагыраагы өзбекстандыктарга 57 квотаны кармата берген. Бул жерде биринчиден чоң мыйзам бузуу жатат. Экинчиси, жемкорлук болгону байкалат, анткени баасы аябай көтөрүлүп, Медакадемияга болгон орундар 3-5 миң долларга чейин чыкканы тууралуу сөздөр бар, бул такталабы? Бул боюнча кайсыл тарап так жообун айтат?

Тиешелүү министрлик бул ишке эч кандай чара көрбөй турганына көзүбүз жеткен соң эми биз жардамды Жогорку Кеңештин депутаттарынан күтөбүз. Мыйзам бузууну тез арада текшерип, Тажикстанда, Кытайда, Түркияда жана Казакстанда жашаган этникалык кыргыздарга өз орундарын алып бериши керек. Башкасы болбогон күндө дагы медициналык орундар өзүнө ыйгарылышы зарыл. Маселен, Тажикстанлык кыргыздарга 25 орун берилген, анын алтоосу И.Ахунбаев атындагы Медициналык академияга болгон. Тилекке каршы, сынак маалындагы кырдаалдан пайдаланган эргулдар «майлуу» орундарды өзбекстандык кыргыздарга «жең ичинен» беришкен.

Бул жемкорлук эмей эмне? Биздин кейигенибиз, Тажикстанда жашаган Мургабдык кыргыздар бир нече жылдык кайрылуунун негизинде Медакадемияга орун бөлдүрткөн. Тилекке каршы быйыл Мургаб менен Памирдин кыргыздарынан бир дагы бала Медакадемияга өтпөй калды. Бул жүздөгөн кыргыздын өмүрүнө балта чапкан менен барабар. Анткени, Мургабда бир доктурдун алтынга бергис баа-баркы бар. Жалгыз бирөө бүтүп барса, жүздөгөн кыргыздын өмүрүн сактайт эле да. Бул жерде миңдеген кыргызга кам көргөн түбү терең мамлекеттик саясат жатат. Негизи, буга чейин ар бир өлкөгө бөлүнгөн орундар кол тийгис болуп келген.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: