Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу жөнүндө токтомго кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюп, бул маселени ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, билим берүү уюмдарынын айрым типтеринин адистик диплому бар педагогикалык кызматкерлерине айлык акы төлөө шарттары магистр программасы боюнча жогорку билимдүү кызматкерлерге теңдештирилет. Өкмөттүн чечими аркылуу жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30% көбөйөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү Президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы программасында белгиленгендиктен, Өкмөт тарабынан бюджеттен зарыл каражаттарды табуу үчүн деталдуу эсептөөлөрдү жүргүзүү максатында иш-чаралардын топтому жүзөгө ашырылды.

«Эмгек акысын мынчалык көтөрүүгө каражаттарды табуу кыйла кыйын болору тууралуу бардык скептикалык божомолдорго карабастан, биз аларды таптык. Жыл аягына чейин бул кошумча 1,7 млрд сомду талап кылат, кийинки жылы – 7 млрд сом. Өкмөт билим берүү тармагынын 120 миңге жакын кызматкеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн бюджеттен зарыл каражаттарды тапканын баса белгилеп кетким келет. Мамлекет жарандарыбыздын билим алуусуна жана саламаттыгына байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурат жана мындан ары карай дагы бул чөйрөлөргө колдоо жана каржылоо көрсөтүү үчүн аракет көрөт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көңүлүн мугалимдердин үмүтү толук акталышы үчүн алдыдагы төлөмдөргө тийиштүү бардык маселелержи дыкат иштеп чыгууга бурдурду.

Мындан тышкары кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» жана «2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна кол койду. Аларга ылайык, 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда.

Аны менен бирге пенсиялардын жана салынган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнө жараша пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 7%дан 18%га чейин жана андан ашык көбөйөт. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн көбөйүшү орточо 10,4% түзөт.

Өкмөттүн бул чечимдери эң төмөнкү чегин аныктоонун эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, төлөм көп болсо, индексациялоо көп принциби боюнча пенсия тутумуна ири чегерүүлөрдү  жасаган жарандардын кызыкчылыгын коргойт.

Пенсияларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиялардын орточо көлөмү 5820 сомду түзөт. 667,3 миң пенсионерди индексациялоого кошумча 659,2 млн сом талап кылынат. Аны менен бирге пенсиялардын базалык бөлүгүн жогорулатуу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен – 67,3 млн сом, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Пенсия фондунун каражаттарынын эсебинен – 592 млн сом керек. Эртеңки күндөн тартып пенсионерлер жогорулатылган пенсия ала башташат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, социалдык төлөмдөрдү сапаттуу жана толук кандуу аткаруу мамлекеттин биринчи кезектеги милдеттиринин бири болуп саналат.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, мамлекет тарабынан көрүлгөн чаралар бардык төлөмдөрдү ак ниет жүргүзгөн жарандарга карата кыйла калыс пенсиялык тутумду түзүүгө тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: