Menu

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына дайындалуусуна агреман келди

Бөлүшүү:

Бийлик экс-генпрокурор Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына дайындоону чечип, августтун башында Малайзиядан агреман суранып кат жөнөткөн. Бул тууралу биздин жеке булактар кабарлады.

Малайзия өкмөтү Азимбек Бекназаровдун талапкердигин карап көрүп, анын малай элине кымындай жамандыгы жок экенин билип, макулдук агреманын Бишкекке жөнөттү.

Эми ушул жуманын аягында же келерки жумада КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык мамилелр комитети Азимбек Бекназаровдун талапкердигин карап, макулдугун бергенден кийин президент Сооронбай Жээнбеков өз указы менен Азимбек Бекназаровду КРнын Малайзиядагы элчиси кызматына дайындоосу күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл 4-июлда Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров КР Президенттик аппаратына жумушка дайындалган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: