Бишкек шаардык сотунда Аскар Шадиевдин кызы Саадат Шадиеванын мүлк боюнча иши каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими жокко чыгарылып, Шадиеванын мүлкү камакта калды. Эске сала кетсек, 19-июлда Биринчи май райондук соту Саадат Шадиеванын Башкы проркуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке карата мүлкүн камактан чыгаруу боюнча доо арызын канааттандырган болчу. Кеп «Карвен четыре сезона» эс алуу жайы тууралуу болуп жатат. Маалыматка ылайык, Аскарбек Шадиев кылмыш иши козголоор алдында бул ишканадагы үлүшүн башкага өткөрүп берген. Шадиевдин кызы болсо ошол камакка коюлган мүлктү чыгаруу аракетин көрүүдө.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ