Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев: “Коопсуз шаар” долбоорунун адамдардын өмүрүн сактоо жана жолдордо тартипти камсыздоо максаты ишке ашууда

Бөлүшүү:

«Коопсуз шаар» долбоорунун адамдардын өмүрүн сактоо жана жолдордо тартипти камсыздоо максаты ишке ашууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга салым кошкон кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.

Өкмөт башчы катышкандардын баарын маанилүү окуя менен куттуктап, сын-пикирлерге карабастан, алар анык пайдалуу милдетти аткарышканын баса белгиледи.

«Көп жылдар бою «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылбай келген. Долбоордун жактоочулары да жана каршылаштары да көп болду. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бири «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн жолдорунда коопсуздукту камсыздоо болгон. Биздин позиция бирдей болгондугун, долбоор биздин коомго керек экендигин айта кетишим зарыл. «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан колдоого алынган. Тендер ачык-айкын өтүп, бул долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууну камсыздады. Бүгүн «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ийгиликтүү ишке ашты деп ишенимдүү айтсак болот», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизген соң Бишкек шаарынын жолдорунда жана Чүй облусунун унаа жолдорунун айрым тилкелеринде оң натыйжалар бар.

«Долбоордун эң башкы жетишкендиги – жол-транспорт кырсыктарынын жана жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен болгон өлүмдүн азайгандыгы болду. Жалпысынан, коомчулук бул жаңылыкка оң көз карашын билдирди. Ошентип ал аркылуу айдоочулардын маданиятынын калыптанышына, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын жоопкерчилигин жана тартибин жогорулатууга салым кошуудабыз. Ооба, сын-пикирлер бар. Айрымдары боюнча биз жооп кайтаруудабыз. Мисалы, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын айрымдары боюнча айыппулдардын көлөмү азайтылат. Ошону менен бирге жол кыймылынын эрежелерин одоно бзуулар үчүн айыппулдардын өлчөмү ошол бойдон калат», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга тартылгандардын бардыгына ыраазычылык билдирди.

«Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн өз убагында жана ачык чагылдыруусу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип кетким келет. Азыркы учурда биз долбоордун негизги бөлүгүн – экинчи этабын ишке ашырууга даярдануудабыз. Аны ишке ашыруунун алкагында төмөндө көрсөтүлгөн айрым участоктордо 306 пунктту аппараттык-программалык комплекстери менен камтуу пландаштырылууда. Бул – өлкөнүн стратегиялык жолдорунун негизги тилкелериндеги 266 стационардык жана 40 көчмө АПК», – деди Өкмөт башчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: