Menu

ИИМ: Параддык форманы өз эсебинен сатып алуу үчүн милиция кызматкерлерин эч ким кыйнаган да, мажбурлаган да жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, айрым маалыматтык агенттиктерде ИИМ параддык форманы өз эсебинен сатып алуу үчүн   мажбурлап жатат деген маалымат тараган.  ИИМ аталган маалымат чындыкка дал келбегендигин расмий билдирет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Финансы-чарба камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча 2019-жыл үчүн каржы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формалык кийим-кече менен камсыздоо үчүн 32 миллион сом бөлүнгөн, бул жалпы колдонуунун 7 % түзөт.

Андан сырткары, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ательесинде Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанатка катышкан милиция кызматкерлери үчүн 100 комплект параддык форма даярдаган. Ошондой эле, ИИМдин “Динамосу” жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча Кызыл-Кыя тигүүчү фабрикасы тарабынан 150 комплект параддык форма тигиле баштады. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 433 параддык комплект берилген, бүгүнкү күнү  милиция кызматкерлердин параддык форма менен камсыздалуусу 59,6% түзөт.

ИИМ дагы бир жолу баса белгилөө менен бирге милиция кызматкерлеринин параддык формасы жеке ар кимге өз өзүнчө тигилет жана ал алты жылдык мөөнөткө бир берилет жана ошондой эле параддык форма бир жылда бир же эки жолу гана кийилет. Ички иштер министрлиги параддык форманы өз эсебинен сатып алууга эч кимди мажбурлаган жок, биз такталбаган маалыматтар атайылап жарыяланып жаткандыгын баса белгилейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: