Menu

Африкалык диктатордун уулуна таандык автоунаалар 27 млн. долларга сатылды

Бөлүшүү:

Швейцариядагы аукциондо Эквоториалдык Гвинеянын вице-президенти жана президенттин уулу Теодоро Нгема Обиангдын конфискацияланган люкс классындагы автоунаалары сатылды.

Маалыматка караганда, жалпысынан аукциондо Ferrari, Lamborghini, Bentley, Maserati жана McLaren үлгүсүндөгү 25 автоунаа 27 миллион долларга сатылды.

Алардын ичинен 2014-жылы чыгарылган Lamborghini Veneno Roadster үлгүсүндөгү автоунаа 8,4 миллион долларга сатылды.

Дагы бир ири лот – LaFerrari үлгүсүндөгү гибриддик суперкар болду.

2016-жылы Швейцария прокуратурасы Нгемага каршы «Акча уурдоо» жана «Бюджеттик акчаны максатсыз коротуу» беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Бирок быйыл февралда Нгемага таандык автоунааларды конфискациялоо шарты менен ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери токтотулган.

2014-жылы АКШ прокуратурасынын чечими менен Теодоро Нгема Обиангдын Флоридадагы хансарайы, Ferrari үлгүсүндөгү автоунаасы жана Майкл Жексондун натуралдык көлөмдөгү алты айкели аукциондо сатылган. Обианг өзү анда бул мүлктөрү мыйзамдуу жол менен табылган каражатка алынганын билдирген.

2017-жылы октябрда Париж соту Нгеманы мамлекеттик каражатты уурдоо айыбы менен сыртынан үч жылга эркинен ажыраткан.

Теодоро Нгема Обианг атасынын негизги мураскору. Анын атасы Теодоро Обианг Нгема Мбасого Гвинеяны1979-жылдан бери башкарып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: