Menu

Кожобек Рыспаев: “2007-жылы мүлктөр оң-солго сатылып жатканда, бизнес кылганым чын”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, маданият жана саламаттыкты сактоо комитет жыйынында, Токой чарба кызматкерлеринин профсоюздар борборунун жетекчиси Канат Осмонов депутат Кожобек Рыспаевге жер үлүшү берилгенин айтып салды.

Депутат анын далилдеп берүүсүн сураганда, Канат мырза: “2007-жылы  мүлк боюнча комиссия жыйын өткөргөндө, Профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Сагын Бозумбаев Кожобек Рысбаевден келген катты көрсөтүп, Жаш Гвардия 27 дарегиндеги машина койчу жайга көп кабаттуу үй курууну суранган экен. Комиссия мүчөлөрүнүн бири, профсоюз мүчөлөрү батир сатып алууга мүмкүнчүлүк болорун суранган, анткени жер профсоюздарга караганы да чындык. Ошондо Рысбаев базар баасы боюнча гана сатып аларын айтып, бирок, ага макул болбогонун айтышкан”,-деди.

Канат Осмоновдун бул сөзүнөн кийин депутат: “Ооба, 2007-жылы мүлктөр оңго-солго сатылып турганда, мен да кайрылсам керек. Ал кезде мен депутат болчу эмесмин, бизнес кылганым чын”, – деди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: