Menu

Ооганстандын премьери президенттик шайлоодо жеңип чыкканын, экинчи айлампа болбосун жар салды

Бөлүшүү:

Ооганстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы да чатакка айлана турган болду. Шайлоонун расмий жыйынтыгы ноябрдын башында жарыяланмак. Ага чейин Ооганстандын премьер-министри Абдулла Абдулла шайлоодо эң башкы атаандашын (учурдагы президент Ашраф Гани жөнүндө сөз болууда – авт.) көп добуш менен жеңип чыкканын, шайлоонун экинчи айлампасы болбосун жарыялады.

Эскерте кетсек, “Талибан” кыймылы бийликтен кулагандан кийин, Ооганстанда президенттик шайлоо 4-жолу 28-сентябрда болуп өттү. Ага 15 талапкер ат салышты. Негизги атаандаштык учурдагы президент Ашраф Гани менен премьер-министр Абдулла Абдулланын ортосунда болгон. Экөө 2014-жылкы президенттик шайлоодо да ат салышкан. Анда АКШ баштаган эларалык коомчулуктун кийлигишүүсү менен экөөнө бийлик бөлүштүрүлүп берилген. Тагырагы, бири президент, экинчиси өкмөт башчысы болгон. Ошондон бери экөөнүн тиреши токтой элек.

«Reuters» маалымат агенттигинин билдирүүсүнө таянсак, шайлоо күнү (28-сентябрда) Кабулда, Газниде жана Жалалабадда жардыруу болгон. Душмандар Кундуз шаарын миномёт менен аткылашкан, анда ондогон киши жаракат алып, беш полиция кызматкери каза болгон. Ал жерге кошумча күч органдары тартылып, аларга туруштук берип, душмандардын мизин кайтарган.

Ооганстандагы шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 2014-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу добуш берүү начар болгон, жети миллионго жакын адам добуш берген. Президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы 19-октябрда, расмий жыйынтыгы 7-ноябрда жарыяланары, талапкерлер жетиштүү добуш албаса, анда шайлоонун экинчи айлампасы 23-ноябрда өткөрүлөрү айтылган.

Андай жарыяга баш ийбей, премьер-министр Абдулла Абдулла жеңүүчү болгонун жар салды. Президент Ашраф Гани анын жарыясын угуп тим болмок беле, ал анын мыйзамга баш ийүүсүн талап кылат да. Экөөнүн тирешүүсү кайрадан башталганы калды окшойт.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: