Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиевди жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдугун берип, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Мыйзамга ылайык, КР Президенти ушундай сунуш киргизген. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.
КР Президентинин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, Курмантай Абдиев 2019-жылдын 1-октябрында 70 жашка толду. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон. Ага чейин Курмантай Абдиев прокуратура органдарында, сот тутумунда иштеген. 2015-жылы Конституциялык палатасынын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайлаган. Мыйзамга ылайык, судьялар үчүн жаш курагынын чеги – 70 жаш.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ