Menu

2014-жылы “Манас” аэропортунан чыгарылып кеткен 5 млн доллар боюнча Финпол иш козгоду

Бөлүшүү:

2014-жылы “Эл аралык Манас аэропорту” Ачык акционердик коомунан чыгарылып кеткен 5 млн АКШ доллары фактысы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу  ЭККМК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бул факты боюнча ыкчам тергөө иш-чарасы көрүлүп, оффшор компаниялар аркылуу жүзөгө ашканы аныкталган.

Тергөө учурунда аталган акционердик коомунун кээ  бир жетекчилери кылмыштуу ишке барып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеп, жеке кызыкчылыктары үчүн кызматтык абалынан пайдаланып кыянаттыкка барган. Алар 2014-жылы 100 пайыз акция сатып алуу максатында 5 миллион АКШ долларына пайдасыз келишим түзүшкөн. Натыйжада, аталган коомдун аймагында жайгашкан “Жанарзат борбору” жабык акционердик коому банкрот болуп, ири чыгымга учураган.

Бул иш Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. 2014-жылы, декабрда “Эл аралык Манас аэропорту” коомуна Кипр республикасынын жараны Е.Кдан коммерциялык сунуш түшүп, “Жанарзат борбору” жабык акционердик коомунун жүз пайыз акция пакетин 7 миллион АКШ долларына сатып алуу каралган. Бул сунуш “Эл аралык Манас аэропортунун” юридикалык бөлүмүнүн башчысы Б.М.га жана дирекциянын каржы-экономикалык директору А.Ж.га тапшырылган. Алар “Жанарзат борборунун” ишмердүүлүгүн изилдеп, жасалма кызматтык кат жазышып, ишкана кирешелүү экенин белгилешип, балансы боюнча банкрот болуп баратса да, эч кандай карызы жок экенин айкындап, активдерин жогору кылып көрсөтүшкөн. Кыска мөөнөттө, кызматтык каттын негизинде, “Манас” аэропортунун директорлор кеңеши 5 миллион АКШ долларына 100 пайыз акцияны сатып алууга макулдук беришкен.

Эртеси, 26-декабрда, аталган аэропорт тарабынан И.А. менен «Ф.С.Л.» компаниясы тарабынан компания директору Е.К тарабынан келишимге кол коюлуп, эки күндүн ичинде аталган каражаттар “Эл аралык Манас аэропорту” ААКсынын эсебинен эки оффшордук компанияга которулган. Эң кызыгы, аталган ишкананын акция баасы болгону 100 миң сом гана турган. Ал эми 5 миллион доллар оффшор компаниялар аркылуу Б.А.Т. аттуу аял кишинин колуна тийген.

Кечээ, 30-сентябрда тергелип жаткан иштин чегинде тергөө органдары тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (ири өлчөмдө мүлктү коромжу кылуу) боюнча “Эл аралык Манас аэропорту” ААКсынын юридикалык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Б.М. камакка алынып, Бишкек шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилди. Азыр иш тергелип, бардык күнөөлүүлөр жазага тартылары айтылууда.

 Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: